Ирак нервди шал кылчу VX газы менен күйдүргүнү жайылтуучу бактериологиялык куралдарынын кору жөнүндөгү жаңы маалыматтарды Бириккен Улуттар Уюму-БУУнун каруу жарак инспекциясына бермек болду. Бул тууралуу БУУнун өкүлү Хиро Уэки маалымдады.
Ирак 3-мартта алты даана “Ал-Самуд-2” ракетасын иштен чыгарганын Маалымдоо министрлигинин жооптуу кызматкери Одай ал-Тайе кабарлады. Ал-Тайенин айтымында, бүгүн дагы эки ракета жок кылынат. Өткөн аптада он даана ракета демонтаждалган. Ракеталарды жок кылуу БУУнун инспекторлорунун көзөмөлү астында жүрүүдө.
Ирактын билдиришинче, өлкөдө 100-гө жакын “Ас-Самуд” ракетасы бар.