Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Филиппиндин президенти Глориа Арройо өлкөдөгү америкалык аскерлерге мусулман козголоңчуларына каршы чара көрүүгө уруксат бербей турганын билдирди


МАНИЛА. Биз америкалык аскерлердин көмөгүн кубаттайбыз, бирок алардын аракеттерине чектөө койобуз, деп билдирди президент. Бул жөнүндө Арройо Даваодогу терракттан жарат алгандардын ахвалын көргөнү барганда жасады. Кечээ Давао шаарынын аэропортунда болгон терракттан 22 киши курман болуп,150 киши жарадар болгон. Андан көп өтпөй Тагум деген шаардын ооруканасында бомба жарылып, 1 киши курман болуп, үчөө жарат алган. Терракттарга байланышы бар деген шек менен өлкөдө 5 киши камакка алынды. Кармалгандардын баары "Морону боштондукка чыгаруу исламдык фронту" деп аталган уюмдун мүчөлөрү.

XS
SM
MD
LG