Эл аралык полиция агенттиги биринчи буйругун күчүн 27-февралга чейин токтотуп, Фужиморого коюлган айыптоолор боюнча фактыларды топтоого Перунун бийлигине 14 күн убакыт берген эле. Перунун Юстиция министри Фаусто Алварадо бүгүн Интерполдун Франциядагы штаб-квартирасына кошумча маалымат жөнөткөнүн билдирди. Фужиморого жарым аскери ажал эскадрону менен байланышы боюнча киши өлтүргөн, адамдардын дайынсыз жоголушуна тийешеси бар деген айып коюлууда.
Фужиморо 2000-жылдын этегинде ири коррупция жаңжалынан кийин Перудан качып, Токиодон факс менен жиберген билдирүүсүндө президенттик мандатынан баш тарткан эле.
Андан бери теги жапон Фужиморо тарыхый мекенинен жарандык алууга үлгүрдү. Токио эми өз жараныбызды чыгарып бербейбиз деп жатат.