Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Орусия Ирак боюнча резолюциянын жаңы долбооруна каршы добуш берет


Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Игорь Иванов билдирди. Анын айтымында, Орусия Иракты күч менен куралсыздандырууга мүмкүндүк берген резолюцияны колдой албайт. Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн бири экенин эске алганда, каршы добуш берүү - резолюцияга вето коюу дегенди туюндурат. Резолюцияга вето коюушу ыктымал экенин Коопсуздук Кеңешинин дагы бир туруктуу мүчөсү - Франция да эскерткен. Өлкөнүн тышкы иштер министри Доминик де Вильпен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин африкалык мүчөлөрүн кыдырууда. Ал Африкага Ангола, Камерун жана Гвинеянын бийликтерин Иракка күч колдонууга мүмкүндүк берген резолюция Коопсуздук Кеңешинде колго салынса, ага каршы добуш берүүгө ынандыруу максаты менен келди. Африкалык өлкөлөрдү өз тарабына тартууну көздөгөн Британия да Ангола, Камерун, Гвинеяга өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басарын жөнөткөн. БУУнун Коопсуздук Кеңешине Британия, АКШ, Испания сунуш кылган резолюцияда Ирактын эч шартсыз, толук куралсыздана баштоосунун соңку мөөнөтү катары 17 – март көрсөтүлгөн. Эгер талап аткарылбаса аскердик операцияга жол ачылат. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл резолюция Коопсуздук Кеңешинде колдоо табаарына ишеним билдирди. Дүйшөмбү күнү Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер белгилегендей, Вашингтон азыр деле Франция менен Орусия документке вето койбойт деп үмүттөнөт. Резолюция кабыл алынышы үчүн Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 өлкөнүн кеминде 9 колдошу керек.

XS
SM
MD
LG