Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Ош шаарында «Хизбут-Тахрир» партиясынын дагы бир өкүлү кармалды


ОШ. 10-март күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалымат боюнча, Ош шаарынын Таазик көчөсүндө кетип бараткан адам «конституциялык түзүлүшкө каршы үндөгөн баракчаларын таратып жатат» деген шек саноо менен опер кызматкерлер тарабынан тинтүүгө алынган. Документи боюнча ал Карасуу районунун тургуну Юлдашев Абдумужалив экендиги аныкталган. Анын колундагы баштыгынан конституциялык түзүмгө каршы үндөгөн, халифат курууга чакырган 15 даана баракча, «Хизбут-Тахрир» аттуу араб тилиндеги 62 даана китепче, 3 даана «Алвайт» журналы жана «Исламга жол» аттуу өзбекче бир журнал табылган.

XS
SM
MD
LG