БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Иран Ислам Республикасындагы расмий иш сапары 10-мартта аяктады. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Тегерандагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, 7-мартта башталган иш сапарынын учурунда Аскар Айтматов Ирандын тышкы иштер министри Камаль Харрази менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча документке кол койгон. Ал эми Орусиянын «Новости» агенттигинин маалыматы боюнча, А. Айтматов, өз иш сапарынын учурунда, Кыргызстан Ирак маселесинин Бириккен Улуттар Уюмунун 1441-резолюциясынын алкагында чечилишин жактаарын билдирген. Ал ошондой эле Ирак бийлигинин тагдырын БУУнун көзөмөлүндө референдум өткөрүү менен чечүү тууралуу Ирандын демилгесине колдоо көрсөткөн.