Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:45

БИРИККЕН УЛУТТАРДАГЫ ИРАК БОЮНЧА ТАЛКУУ УЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы согуш баштоого өз алдынча даярданууда, бирок ошол эле учурда Бириккен Улуттардын андай согушту колдогонуна кызыкдар. Анткен менен АКШнын туруму азырынча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жетиштүү колдоого алына элек.

Кошмо Штаттардын жетекчилиги мурда да, азыр дагы биз Иракка каршы согушту Бириккен Улуттардын колдоосу жок деле баштайбыз, анткени бүткүл дүйнөгө коркунуч түзгөн Ирак өз ыктыяры менен куралсызданбай жатат деп айтып келет. Вашингтондун пикиринде, Иракка каршы аскерий аракет баштоо үчүн Бириккен Улуттарда өткөн жылдын ноябр айында кабыл алынган биринчи резолюция эле жетиштүү, ал чечим боюнча Ирак куралсызданууга милдеттендирилген жана өлкөгө эл аралык текшерүүчүлөр жиберилген.

Андан бери инспекторлор Коопсуздук Кеңешине үч жолу отчет берди жана үч жолу тең кеңири кыргын салуучу куралдын изин Иракта таппаганын билдирди, бирок аны менен катар бир топ кемчиликтерди да атады. Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн пикиринде, текшерүүнү уланта берүү керек, анткени дал ушундай инспекция учурунда Ирактан чыккан коркунуч жокко эсе болууда. 10-мартта Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан Коопсуздук Кеңешинин уруксаты жок согуш баштоо Бириккен Улуттардын хартиясын бузгандык болот деп билдирди.

АКШ, Испания жана Улуу Британия өткөн аптада Коопсуздук Кеңешине жаңы чечимдин долбоорун сунуштаган жана ага ылайык Ирактын куралсыздануусу үчүн 17-мартка чейин акыркы мөөнөттүк чек коюлат. АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, эгер Коопсуздук Кеңеши сунушталган долбоорду жактырбаса, ал өтө чоң ката кетирген болот:

- Кеңеш чечим кабыл албаса, Бириккен Улуттар Саддам Хусейнди куралсыздандыра албаган уюм болот. Анда Саддамды башка эл аралык бирикме куралсыздандырат жана андай иш - эл аралык аракет бойдон калат. Бириккен Улуттар болсо - маселени чечүүдөн өзүн өзү четтеткен уюмга айланат. Коопсуздук Кеңешинин акыркы аракеттери дал ушундай абалга алып келүүдө.

Анткен менен АКШ баары бир Коопсуздук Кеңешинин чечимин күтүүдө жана ал мындай чечим үстүбүздөгү аптанын ичинде кабыл алынууга тийиш деген талап коюуда. Чечимдин өтүшү үчүн, аны 15 мүчө-өлкөнүн тогузу колдоого жана эч вето коюлбоого тийиш. Кеңештин беш туруктуу мүчөсү - АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция. Булардан тышкары, ага азыр дагы он мамлекет - Алмания, Ангола, Болгария, Гвинея, Испания, Камерун, Мексика, Пакистан, Сирия жана Чили мүчө. Алардын ичинен АКШнын турумун Болгария, Британия жана Испания гана колдоодо. Алмания менен Сирия ага каршы, ал эми туруктуу мүчөлөр Орусия менен Франция чечимге вето салабыз деп ачык эле айтты. Кытай добуш бербестен, калыс кала тургандай, ошондуктан согуш баштоо-баштабоо маселеси азыр өз турумун аныктай элек алты мамлекеттин колунда.

Президент Жорж Буш 11-мартта Анголанын президенти Эдуардо душ Сантушка, Мексика президенти Висенте Фокско жана Чили президенти Рикардо Лагоско телефон чалып сүйлөштү. Анткен менен, бул өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн айтымында, алардын туруму толук аныктала элек, бирок алар ультиматумдун чегин бир-бир жарым айга узартууну сунуш кылууда. Андай сунушка Британия да макул боло тургандай белгилер бар. АКШ дипломаттарынын ишениминде болсо, алар талаптуу тогуз добушту үстүбүздөгү аптада эле чогулта алат жана эч ким алардын чечимине вето салбайт.

XS
SM
MD
LG