Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

БУУнун КАЧКЫНДАР АГЕНТТИГИ: ИРАКТЫК КАЧКЫН КРИЗИСИНЕ ДАЯРДЫК НАЧАР


Иракта согуш башталса, жүз миңдеген киши өлкөдөн качып чыгат деп күтүлүүдө. Бирок коңшулаш өлкөлөрдүн көбү ирактык качкындарды кабыл алуудан баш тарткандыктан, гуманитардык кризиске дайардык солгун жүрүп жатат.

Кувейтте азыр 200 миң чакты коалициялык, негизинен америкалык аскер Иракка кирүүгө даяр турат. Бирок Кувейттин өкмөтү согуштан качкан ирактыктар үчүн лагер ачуу планы жок экендигин билдирүүдө.

Ушул аптада Кувейт өкмөтү Ирак менен чек аранын өз тарабында качкын лагерин ачууга уруксат бербей тургандыгын жарыялады. Анын ордуна мындай лагерлерди өлкөнү Ирактан бөлүп турган коопсуздук тилкесинде жайгаштырууну сунуш этти. Бул тилкени азыр Бириккен Улуттар уюмунун байкоочулары көзөмөлдөп турат.

Кувейттин Гуманитардык операциялар Борборунун жетекчиси генерал Али ал-Мумин ушул дүйшөмбүдө кабарчыларга буларды билдирди:

- Биз качкын лагерлерин Ирактын аймагында, негизинен коопсуздук тилкесинде жайгаштыруу керек деп эсептейбиз. Биз бул үчүн зарыл болгон иш-чараларга жан дилибизден жардам беребиз. Эң жакшысы ушул, себеби, биз тарап жалаң чөл, ал эми Ирак тарапта көптөгөн турак-жай бар.

Бирок Ирак өкмөтү жардам агенттиктерине ал жайларды даярдоого уруксат берген жок...

Ирактын башка коңшуларында да абал ушуга окшош. Иордан качкындардын чек арадан өтүп келишине жол бербей тургандыгын жарыялаган. Түркия Ирактын түндүк аймагына аскер жиберип, коопсуздук тилкесин түзүп, качкындарды ошол жерден кабыл алууну туура көрөт. Саударавия бул жаатта билдирүү жасаган жок, бирок кабарларга караганда, бул өлкө да качкындарды өз аймагына киргизүүдөн баш тартууда.

Бир гана Иран Ирак менен чек арасына жакын жерлерде 20 чакты лагер ачууга камылга көрүп жатат. Ирактын түштүгүндө негизинен шиит мусулмандары отурукташкан, бийликте шииттер турган Иран аларды диндеш эл деп санайт.

Ошону менен, жардам кызматкерлерине согуш башталганда дароо Ирактын аймагына өтүп барып, качкындарды ошол жактан тосуудан башка арга калбайт окшойт.

Бириккен Улуттар уюмунун качкындар агенттигинин Кувейттеги өкүлү Энда Саваж Ирактын чек арасын 600 миң качкын кесип өтөт деп күтүлсө, алардын жарымына гана жардам көрсөтүүгө мүмкүн болоорун билдирди:

- Биз 600 миң чакты кишиге жардам көрсөтүшүбүз керек. Иш жүзүндө, феврал айынын башында 120 миң кишиге гана жете турган азык-түлүк, оокат-кечек камдай алдык. Марттын аягында бул көрсөткүч 300 миңге жетет го деп турабыз. Бирок каражат тартыш болгондуктан, мындан ашыкка күчүбүз жетпей калышы мүмкүн.

Саваждын сөзү боюнча, колдо зарыл каражат болгон күндө да, калган качкындарды кабыл алууга даярдык көрүүгө бир нече жума, балким бир нече ай талап кылынат.

Бириккен Улуттардын өкүлдөрү коңшулаш өлкөлөрдүн качкындарга жардам берүүдөн качып жатканын жалпы эле дүйнөлүк масштабда көп өлкөлөрдүн "качкын кризистеринен" чарчап калгандыгы менен түшүндүрүшүүдө.

Бирок, бүгүн Ирак өзгөчө кыйчалышта турат. Перси булуңундагы биринчи согуштан кийин киргизилген экономикалык санкциялардан улам, өлкө калкынын 60 пайызы Бириккен Улуттардын мунайга азык алмашуу программасына көз каранды болуп калган. Айрым эсептөөлөргө ылайык, жаңы согуш узакка созулуп кетсе, 2 миллион ирактык үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болот, алардын ичинен бир жарым миллиондою коңшу өлкөлөрдөн баш калканч табууга аракет кылат.

Кошмо Штаттар согуштан кийин Ирак элине дароо гуманитардык жардам көрсөтөбүз деп сөз берүүдө. Кабарларга караганда, АКШнын өкмөттүк агенттиктери бул максатта азык-түлүк, оокат-кечек топтоп жатат. Бирок, Буштун администрациясы жардам кандайча жеткирилээрин же бул максатка канча каражат бөлөөрүн ачыкка чыгара элек.

XS
SM
MD
LG