Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:59

Сербиянын премьер-министрин өлтүрүүгө катышкан деп 56 адам камакка алынды


12-март күнү Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжич атып өлтүрүлгөндөн кийин, өкмөттүк кызматтар 56 шектүү адамды камакка алды. Алардын көпчүлүгү - Милорад Лукович аттуу адамдын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү. Белград полициясынын башчысы Милан Обрадовичтин айтымында, мурда полициянын атайын кызматын башкарган Лукович жана анын эки жардамчысы кармала элек. Ички иштер министри Душан Михайловичтин буйругуна ылайык, камоо учурунда полицияга каршылык көрсөткөндөр дароо атып өлтүрүлөт. Сербия президентинин милдетин аткарган Наташа Мисич өлкөдө өзгөчө абал тартибин киргизди.
XS
SM
MD
LG