Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча жогорку комиссары АКШны сынга алды


Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Сержио Виейра ди Меллонун айтымында, эл аралык террорчулукка каршы күрөш учурунда да адам укуктарынын бузулушуна жол берилбеши керек. 17-март күнү Женева шаарында жогорку комиссарлыктын бир жарым айга созула турган сессиясы башталды. Ди Мелло сессиянын ачылыш жыйынында - Куба аралындагы Гуантанамо базасында Америка Кошмо Штаттары алты жүздөн ашык адамды кармап жатканын мисалга келтирди. Анын пикиринде, ал туткундар адам чыдагыс шартта кармалат.

XS
SM
MD
LG