Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Британиянын парламенти Ирак согушун колдоп добуш берди


Парламенттин төмөнкү палатасында ушул түнү Иракка каршы согушка аскер жиберүү чечими 412 депутаттын колдоосуна ээ болду, 149 депутат каршы добуш берди.
Талкуунун мезгилинде премьер-министр Тони Блэр мындай деген эле:
"Ирак массалык кыргын куралы бар жалгыз өлкө эмес экени чын, бирок азыр конфронтациядан баш тартсак, алда-канча оор жана каргашалуу жаңжал чыгат", - деди Блэр.
Блэрдин Ирак согушун колдошуна нааразы болуп, Британ өкмөтүнөн үч министр, анын ичинде мурдагы тышкы иштер министри Робин Кук отставкага кетишти. Чэннел-4 сыналгысында кечээ сүйлөгөн сөзүндө Кук буларды айтты:
«Ирактын колунда массалык кыргын куралы жок болушу мүмкүн. Балким анын согуш майданында колдонулчу биологиялык токсини же химиялык куралы бардыр. Бул куралга Ирак 20 жылдан бери ээ, ачыгын айтканда, аны өздөштүрүүгө Батыш өзү жардам берген».

XS
SM
MD
LG