Ооганстандагы америкалык жана италиялык аскерлерге каршы ракета атылды. Өлкөнүн чыгышындагы Хост шаарындагы италиялык аскерий базага 18-март күнү кечинде бир нече ракета келип тийди, аскерлер ок менен жооп кайтарып, бир адамды жарадар кылышты. Алты чакырым алыстыкта жайгашкан америкалык базага да ошол эле күнү бир нече ракета атылды. Италиялык жана америкалык аскерлерден эч ким жарат алган жок.