Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Ирак парламенти америкалык ультиматумду четке какты


19-мартта Ирак парламенти шашылыш сессияга чогулуп, АКШнын ультиматумун четке какты. Парламент спикери Саадун Хаммадинин айтымында, президент Саддам Хусейндин өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу ойлонбош да керек. Ирактын Бириккен Улуттардагы өкүлү Мохаммед аль-Дуринин пикиринде, ал ультиматум эч бир эл аралык эрежелерге төп келбейт: "Дүйнө тарыхында биринчи жолу бир өлкөнүн президенти башка өлкөнүн президентине эскертүү жасап, сен өз өлкөңөн чыгып кетиш керексиң деп жатат. Бул чатак, муну эч бир логика менен түшүнүү болбойт, аны жапайычылык менен гана түшүндүрсө болот, андай болгондо, кимде күч болсо, ошонуку гана туура болуп калат". Дүйшөмбү күнү кечинде АКШ президенти Жорж Буш Ирак президентине эскертүү жасап, 48 сааттын ичинде анын Ирактан чыгып кетишин талап кылган.

XS
SM
MD
LG