Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын 59-сессиясына Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү катышат


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясынын учурда Женевада өтүп жаткан 59-сессиясына Кыргызстандан «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов жана Жаштардын укуктарын коргоочу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Мария Лисицына катышат. Эдил Байсаловдун маалыматына караганда, алар бул комиссиянын 30-марттан 5-апрелге чейинки отурумуна катышаары болжолдонууда. Жыйында Эдил Байсалов Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат берет.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясынын 17-мартта башталган 59-сессиясы 25-апрелге чейин созулат. Буга чейин комиссиянын жыйына Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Курманбек Осмонов катышып, өлкөдөгү саясий кырдаал, адам укуктарынын абалы, 2-февралдагы референдумдун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип келген.

XS
SM
MD
LG