Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Түркиянын парламенти АКШга өз аба мейкиндиги аркылуу учуу укугун ыйгарды


Парламент ошондой эле Түндүк Иракка түрк аскерлерин жиберүүнү жактырды. Туркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган мунун алдында "америкалык учактарга Түркиянын согуштук базаларында май куйдурууга да уруксат берилбейт" деп эскерткен.
АКШнын өкмөтү Түркияга өз аба мейкиндигин ачып бергени үчүн ыраазычылык билдирди, бирок мурда сунуш этилген жардам топтому берилбей турганын маалымдады. Түркиянын парламенти 1-мартта 62 миң америкалык аскерди кабыл алуудан баш тарткан эле. Ага чейин АКШ Түркияга ондогон миллиард доллар жардам сунуш кылып жаткан.

XS
SM
MD
LG