Сот компанияны тамекинин "жеңил" (Light) түрүнүн ден соолук үчүн келтире турган коркунучун чылым чеккендерден жаап- жашырып койгон деп айыптады. Сот процесси 1 миллиондон ашык чылым чегүүчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлгөн. Андан мурда Флориданын соту чылым чеккендин айынан ден соолугунан айрылган адамдардын арызы боюнча компанияны 74 миллион доллар айыпка жыккан эле. Компания соттун бул чечимине нааразы болуп, жогорку сот мекемесине апелляциялык арыз менен кайрылган жана сот салган айыптын көлөмүн 28 миллион доллардын деңгээлине түшүрткөн.
Кечки жаңылыктар даярдаган Баян Жумакадыр кызы, Прага
Кечки жаңылыктар даярдаган Баян Жумакадыр кызы, Прага