Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

РАЙОНДУК СОТ ӨКМӨТ БАШЧЫНЫН МҮДӨӨСҮН КАНААТТАНДЫРГАН ӨКҮМ ЧЫГАРДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бишкектин Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акундун өкмөт башчы Николай Танаевге каршы берген доо арызын канааттандырбоо тууралуу өкүм чыгарды. Ага нааразы болгон укук коргоочу Бишкек шаардык сотуна арыз жолдоорун кабарлады.

Дүйшөмбү күнкү сот жараянында каршылашкан тараптарга соңку сөз берилди. Адегенде укук коргоочу Турсунбек Акун өз пикирин айтуудан баш тартып, сот залынан чыгып кетти. Өзүнүн мындай аракетин Турсунбек Акун сот жараянына Николай Танаевдин катыштырылбагандыгы жана судья Давлетбаева Мадинага ишенбей тургандыгы менен түшүндүрдү.

- Сиз соңку сот жараянына Н. Танаевди катыштыра алган жоксуз. Мына ушуну менен мен сизге жетинчи жолу ишеним көргөзбөгөндүгүмдү айттым. Ошондуктан мен сот жараянына катышпайм, - деди Турсунбек Акун.

Андан соң Турсунбек Акундун адвокаты Ашыркул уулу Токторбек жана Николай Танаевдин адвокаты Николай Жучков сөз сүйлөштү. Алар мурдагыдай эле өкмөт башчы Николай Танаев 2002-жылдын 9-сентябрында өткөн маалымат жыйынында «Турсунбек Акун жүргөн жерде массалык чаң-тополоң, кан төгүлүү болот» деп айтканы чынбы же жокпу деген суроого карама-каршы жүйөлөрүн келтиришти. Алгач сөз алган Ашыркул уулу Токторбек төрт айга созулган сот жараянында өкмөт башчысынын укук коргоочунун дарегине мындай пикир айтканына жетиштүү далилдер келтирилгенине токтолду. Сот жараянында үн жазуучу аппараттан Николай Танаевдин үнү угузулгандыгын, андан тышкары маалымат жыйынына катышкан бир нече күбөлөр да өкмөт башчысынын айткандарын тастыкташканын эске салды.

- Сотто Замира Сыдыкова, Азиза Абдрасулова жана башка алты киши «Николай Танаевдин айткандары чын» деп көргөзмө беришти. Мындан тышкары «Кыргыз туусу» гезитине «Бекназаровго эмне керек?» деген макала жарыяланган. Аталган макалада Турсунбек Акунов тууралуу Н. Танаевдин айткан сөзү толук келтирилген. Мындан ашык кандай далил табууга болот? - деди Ашыркул уулу Токторбек.

Ал эми Николай Жучков болсо, «Н. Танаевдин айткан сөзү жазылган аудиокассета талаш-тартышка далил боло албайт» деген пикирин айтты.

- Жазуу белгисиз бирөөлөр тарабынан радиодон үн жазуучу аппаратка жазылгандыктан, Николай Танаевдин сөзүнүн маңызын ырааттуу, толук чагылдырган маалымат булагы боло албайт, - деди Жучков.

Андан соң бир нече убакытка созулган тыныгуудан кийин судья Давлетбаева Мадина Турсунбек Акундун Николай Танаевге каршы берген доо арызын канааттандырбоо тууралуу өкүмүн угузду. Соттун мындай чечимине Турсунбек Акундун көз-карашы төмөндөгүчө:

- Танаевдин менин арнамысымды тебелеген сөзү үн жазуучу аппаратта жазылуу. Андан тышкары бул боюнча күбөлөр жетиштүү. Ошондуктан мен жакын арада шаардык сотко, андан соң Жогорку, Конституциялык, такыр мукураганда, Эл аралык сотко кайрылам.

Укук коргоочу Турсунбек Акун «өкмөт башчы Николай Танаев 2002-жылдын 9-сентябрында өткөн маалымат жыйынында «Турсунбек Акун жүргөн жерде массалык баш-аламандык, чаң-тополоң, кан төгүлүү болот» деп айтып, арнамысыма шек келтирди» деп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Ал соттон моралдык чыгым үчүн өкмөт башчысынан бир миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.
XS
SM
MD
LG