Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

КЫРГЫЗ МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ ИРАКТАГЫ СОГУШТУ КАНДАЙ ЧАГЫЛДЫРЫП ЖАТЫШАТ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Иракта алты күндөн бери согуш уланып жатат. Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары азырынча бул окуяны толук кандуу чагылдырууга жетише элек. Айрым маалымат каражаттарында Американын саясатын айыптаган материалдарга орун берилсе, айрымдары тек гана окуянын жүрүшү тууралуу дүйнөлүк маалымат борборлорунан алынган материалдарды пайдалануу менен чектелишүүдө. Өкмөттүн саясатын колдогон маалымат каражаттары азырынча окуядан кыйгап өтүп, жергиликтүү темалар менен алек. Жалпы калк маалымат таңсыктыгына дуушар болууда.

Адатта маалымат каражаттарында кандайдыр-бир окуяны чагылдыруу ошол өлкөнүн окуяга карата мамилесине жараша болот эмеспи. Аны Ирактагы согушка байланыштуу Кыргызстандын же Өзбекстандан же Орусиянын мисалынан дароо байкоого болот. Согуш башталгандан бери Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарында окуянын чагылдылышы алдын-ала айрым бүтүмдөрдү чыгарууга негиз берет. Ооганстанга каршы сокку уруу башталган учур менен азыркы учурду салыштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Иракка сокку уруу башталгандан бери Американын аракетин колдоого алган, же Кыргызстандын окуяга карата мамилесин билдирген материалдар - теледенби же радиодонбу, же ар кандай басылмалардан болобу - дээрлик жокко эсе. Алар тек гана дүйнөлүк маалымат борборлорунан алынган материалдарды пайдалануу менен чектелүүдө.

Анын себебин Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын вице-президенти Бейшенбек Мамбетакунов мындайча түшүндүрөт:

- Ирак боюнча бизде маалымат булагы жоктугуна байланыштуу кээ бир маалыматтарды башка булактардан, телевидение радио булактарынан алып берип жатабыз. Башка эч нерсе берген жерибиз жок азырынча. Биздин республикабызда окуялар болуп атса да маалымат катары берип жатабыз. Ал жерде биздин өзүбүздүн журналистибиз, кабарчыбыз жок. Ошого байланыштуу биз ал жерде эмне болуп жатканын, ошонун чындыгы эмне экенин билбегенден кийин ага комментарий бериш кыйын.

Чындыгында өлкөдөгү негизги маалымат каражаттары Ирактагы согушка карата комментарий берүүгө азырынча батынбай келет. Мамлекеттик саясатты элге жайылткан «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин тоо» басылмаларында да Ирак жергесиндеги Американын саясатын айыптаган же колдогон макалалар басыла элек.

Аны «Эркин тоо» гезитинин башкы редактору Эсенбай Калдаров окуяны ар тараптуу анализдеген адистердин жокутугунан, же андай макаланы басылманын журналисттери жаза электигинен көрөт:

- Чындыгын айтканда менин жеке пикиримде согуштун башталганы жакшы иш болбой калды. Кайсы жерде болбосун согуш эми жакшы нерсе эмес да, жакшылыкка алып келбейт. Экинчиден, биздин гезитке бул же тигил позициядагы өзүбүздүн эч кандай материалдардын берилбегенинин себеби - биздин кээ бир авторлорубуз ушул темада жазбагандыгы. Анткени биздин Кыргызстанда азыр Америка менен Ирактын ортосундагы согушка бул жагынан да, тигил жагынан да караган фактылар бар да. Себеби кээ бирлери согуштун башталгандыгын туура эмес дешсе, кээ бирлери Саддам Хусейндин көп жылдардан берки диктаторлук саясатын күнөөлөшөт да. Ошондон улам айрым биздин авторлорубуз бул багытта өзүнүн саясый көз караштарын, пикирлерин азыр айтуу эрте деп ойлоп жатышат.

Бирок мамлекеттик саясатты колдогон теле, радиого, басылмаларга караганда эркин, менчик маалымат каражаттары Ирактагы согушка карата кыргызстандык айрым эксперттердин пикирлерин берүүгө аракет кылып жаткандай. Алсак, «Аалам» гезитинин акыркы сандарында «Агрессорлорду Кудай жазаласын!», «Жырткычтык согуш» деген темалардын алдында басылманын баяндамачыларынын макалалары басылып келет. Макаланын аталышы айтып тургандай, анда Американын аракети агрессия катары бааланган. Ал эми орусиялык багытты көбүрөөк карманган «Вечерний Бишкек» гезитинин ар бир күнкү санына басылган материалдарда согуштун экологиялык коркунучу тууралуу кыргыз эксперттеринин көз караштарына көбүрөөк орун берилүүдө. Бул басылмага өз пикирлерин билдирген бир катар эксперттер согушту токтотууга күчү жетпегендиги үчүн Бириккен Улуттар Уюмун күнөөлөшсө, айрымдары ирактыктар өз мекенин коргош үчүн согушуп жатат, ошондуктан алар моралдык жактан утушка ээ деген пикирлерин билдиришет. 24-мартта Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттеринин согушка каршы уюштурган нааразылык акциясына «Вечерний Бишкек» гезити өзгөчө маани берген.

«Республика», «Моя столица» сыяктуу оппозициячыл басылмаларда азырынча согушка карата кайсы бир көз карашты карманган макала басыла элек. Алар тек гана Интернеттен алынган маалыматтарды басуу менен чектелишүүдө. Ал эми «Общественный рейтинг» жумалыгы 20-марттагы санында АКШнын Мамлекеттик департементи тарабынан таркатылган материалдарды баскан. Азырынча Американын Ирактагы согуштук аракеттери тууралуу жана ага Саддам Хусейндин диктаторлук режими күнөөлүү экенине түшүндүрмө берген материалдарды күн сайын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги электрондук почта аркылуу таркатып жатат.
XS
SM
MD
LG