Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Журналисттердин эл аралык федерациясы Иракта телебекеттин бомбаланышын айыптады


Бекет Ирактын президенти Саддам Хусейн эфирден көрсөтүлгөндүн эртеси бомбаланды. Бул сыналгы ошондой эле америкалык согуш туткундарын жана коалициялык аскерлердин өлүгүн көрсөткөн.
Журналисттер федерациясынын баш катчысы Айдан Уайт сыналгы 45 мүнөткө обого чыкпай калган бомбалоону "журналисттер жапа чеккен психологиялык согуштун бир көрүнүшү" деп мүнөздөдү. Уайт ошондой эле "телебекеттин бомбаланышы "демократиялык дүйнө анда көрсөтүлгөн материалдарды жактырган жок, ошондуктан бомбалоо - амалсыз калганда жасалган иш болуп калды" деди.
Эл аралык Мунапыс уюму телебекет "жарандык" объект болгондуктан, ага чабуул Женева конвенциясын бузгандыкка жатаары мүмкүн экендигин эскертти.

XS
SM
MD
LG