Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Аксыдагы нааразылык акциясына карабай, Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору жаңы кызматка дайындалды


БИШКЕК. Президент А. Акаевдин өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Чубак Абышкаевди Чүй облустук сотунун төрагалыгына сунушташына байланыштуу бүгүн Аксы районунун Каражыгач айлында нааразылык акциясы болуп өттү. Кыргызстандагы адам укуктарын коргоо комитетинин райондогу координатору Кубанычбек Маматкеримовдун маалыматына караганда, митингге Кызылтуу, Жаңыжол, Каражыгач, Карасуу жана башка айыл өкмөттөрүнөн 7 миңден ашуун киши катышты. Митингде 31 адам чыгып сүйлөдү. Алар Аскар Акаевдин бир жылдан ашуун убактан бери Аксы окуясында жабыр тарткандардын талаптарын аткарбай, кандуу окуяга күнөөлүү деп саналган адамдарды жооптуу кызматттарга дайындап жатышына нааразылык билдиришти. Жыйындын катышуучулары Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарына жана анын төрагасына беш пункттан турган кайрылуу кабыл алышты. Кайрылуу ээлери, Аксы окуясына чыныгы күнөөлүү деп эсептелген жогорку бийлик өкүлдөрүн жазалоону талап кылышып, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынан Чубак Абышкаевдин талапкердигин колдобоону өтүнүшкөн. Кайрылууда ошондой эле «эгерде биздин суроо-талаптарыбыз 7-апрелге чейин аткарылбаса, 8-апрелден баштап биз, Аксы эли, саясий акцияларды жандандырып, Ош-Бишкек жолун тосууну баштайбыз» деп жазылган. Ал эми ушул эле күнү Аксы районунун акиминин орун басары Абылкасым Кыдыралиев «Каражыгач айлында эч кандай нааразылык акциясы болгон жок» деп, толук маалымат берүүдөн баш тартты.
Антсе да бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары президент Аскар Акаев тарабынан сунушталган облустук, райондук деңгээдеги сегиз соттун төрагалык кызматына талапкерлерди бюллетень салуу аркылуу жабык добуш менен шайлашты. Натыйжада депутаттар Өзгөн райондук сотунун төрагалыгына талапкер Азамат Ажиматовду колдошпой, калган жети талапкерди колдоп добуш беришти. Ал эми Чубак Абышкаевдин талапкерлигине добуш берүүгө катышкан 34 депутаттын 28и макулдук беришти.

XS
SM
MD
LG