Ирактагы согушка каршы Бишкектин чок ортосундагы башкы аянтта өткөн жыйын тууралуу макала “Агым” гезитинин жума күнкү санында жарыяланмакчы. Оппозицияга эски өкмөт аянтында жыйын өткөрүүгө уруксат бербеген бийлик жыйындын башкы режиссеру болду, “Кыргызстандын бир эле мезгилде эки уйдун эмчегин сором деген аракети чоң жаңжал менен бүтпөсө эле болгону”, деп жазат макала автору Эркин Пиримов. Анын оюнча, мындай “кылтыңдаган эки жүздүү саясат эч качан жакшылыкка алып келген эмес».
Басылмада Максат Калыковдун “Аскар баскан жерди жаштар да бассын!” деген макаласы басууга даярдалууда. Билим берүү министрлигинин президент А. Акаевдин жүргөн жерлерин мектеп окуучуларына тааныштыруу демилгесин колдогон автор саякатты жалгыз эле Кемин району менен чектебей, шайлоо алдында президент А. Акаев ат тезегин кургатпай каттап турган Кыргызстандын айылдарынын баарына жайылтуу керек, деген оюн ачыкка чыгарат. Максат Калыков маанилүү иштин башына мамлекеттик катчынын өзү турганы оң дейт, “анткени президенттин өмүр баянын андан мыкты билген киши республикада жок”.
Кыргызстандагы саламаттык сактоо секторун реформалоого бөлүнгөн 20 миллион доллардын кыйласын медициналык чиновниктер орто жолдон бөлүп жеп коюшканы Жолдошбек Зарлыкбековдун «Талоонго түшкөн “Манас”” деген макаласында баяндалат. Автордун ырастоосуна караганда, долбоорду ишке ашырууга 22 чет элдик кеңешчи алынган, дары-дармекке келген акчанын кыйласы орто жолдон жымырылып жок болгон.
“Республика” гезитинин бейшембидеги санында депутат Азимбек Бекназаровдун “Кудайбергеновду соттогондун ордуна Абышкаевди, Токобаевдин ордуна Садиев менен Акматалиевди соттош керек эле...” деген маеги жарыяланды. “Мен өткөн жылдан бери, “депутаттыгыма тийбей, эки ай убакыт бергиле, тергөөчүлүк кылып ушул иштерди чечип берейин” дегем,- дейт Азимбек Бекназаров.- Аксы окуясында ким кылмышкер экенин, кайсы автоматтан, кайсы тапанчадан ок чыкканынан бери таап сотко өткөрүп бермекмин. Бир жылдан бери убара болуп жүргөн иштерди эки айда чечсе болот». А. Бекназаровдун айтымында, Аксыдагы кандуу окуяга күнөөлүүлөр жазасын алыша элек.
Кыргыз парламенти күзгө тарта таратылып кетиши мүмкүн экендигин, эмки шайлоо байлардын «капиталисттик мелдеши» катары өтөөрү Абдувахаб Мониевдин маегинде баяндалат. «Ушулардын баарын көрүп-билип, өзүмчө талдап туруп, колумда да, колдоочум да жок экендигине карабай, буюрса, келерки парламенттик шайлоодо депутаттык үчүн күрөшүүнү чечтим»,- дейт ал.
Бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде ««Кыргызгаз» жоопко тартылсын!» деген аталышта окурмандардын кат топтому жарыяланды. ««Кыргызгазда» баары колго алынган,- деп жазат гезит. – Тармак жетекчилеринин мурункуларынын, азыркыларынын кеминде 100 миң долларлык чет элдик машиналарды сатып алышканы, кымбат баа аксарайларды тикелеп жатышканы Эсеп палатасын же Салык инспекциясын, мыйзам сактоо органдарын кызыктыра элек. Алардын тымпыйып отурушу «газ берүүчүлөрдүн» бардык жерде «өз кишилери» бар экенин билдирет». Гезитте Ирактагы согуш, анын дүйнөлүк жаңырыктары тууралуу маалыматтар топтому да жарыяланган.
Кыргыз өкмөтү 29-мартты «көчөт тигүү күнү» деп жарыялап, бул күнү өлкө калкынын ар бири кеминде 15 көчөт отургузушу парз экендигин бейшембиде «Слово Кыргызстана» гезити жарыялады. Кыймылсыз мүлк салыгы калк арасында кызуу талкууну жаратканына журналист Галина Лунева ушул эле гезитте жарыяланган макаласында токтолгон. Автордун маалымдаганына караганда, айрым парламентчилер жаңы мыйзамдын кабыл алынышына каршы. Алар байлардан арбын салык алгыча кедейлерди байлардын катарына кошуу аракетин жасоо оң деген пикирде. «Жаңы мыйзамга ылайык жашап аткан үйдүн базар баасы 10 миң доллардан ашса гана үй ээси короо-жай наркынын 0,5% жергиликтүү бийликтин казынасына төлөйт. Республикада иштебей, токтоп турган ири ишканалар көп, кыймылсыз мүлк салыгынын киргизилиши менен алардын тагдыры чечилет. Ашка жүк, башка жүк ишкана иштетчү кишиге сатылат же ишке киргизилет», деп белгилейт макала автору.
«Ирак проблемасын күч менен чечүү аракетине кабатыр болгонун айтып, Кыргызстан согушту жактырбастыгын ачыкка чыгарды. Расмий бийлик эл аралык маселеде шашпай, кылдат талдап, улуттук кызыкчылыкты эсепке алган бүтүм чыгарыш керек эле», деп белгилейт Марипов менен Байгуттиев бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде. Авторлордун айтымында, реформалардын реалдуу кайрымжысы кайтарыла элек, өлкөнүн экономикалык абалында көзгө көрүнөрлүк жылыш байкалбайт. Гезитте кыймылсыз мүлк, айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгы тууралуу Наргиза Кожомкулова менен Асел Шерботонун макалалары жарыяланган.