Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Саддам тирүү же өлүү экенин Ак Үй билбейт


АКШ бийликтери Саддам Хусейн өлгөнбү, жарадар болгонбу же режимин жетектөөдөбү, анык билбейт.
Ак Үйдүн өкүлү Ари Флейшер кечээ күнкү брифингде Ирактын маалымат министри окуп берген Саддамдын кайрылуусу жөнүндөгү суроого мындай жооп берди:
- Биз Саддам тирүүбү же өлгөнбү билбейбиз. Ал жөнүндө маалыматты түрдүү жолдор аркылуу аласыздар: аны телеберүүдөн тирүү көрөсүз, эгер ал тирүү болсо, анын азыр болуп жаткан кандайдыр бир ишке катышканын көрөсүз, ал непада бир күн же бир түн мурда болгон окуя жөнүндө сүйлөсө же кайсы бир иштерди жасаса, сиздер ал тирүү экени жөнүндө маалымат алышыңыз турган иш. Биз мунун бирин да көргөн жокпуз жана билбейбиз. Ал өлгөн болсо, сиздер анын жасатын көрөсүздөр. Бизде (андай маалымат) жок, биз билбейбиз.
Өткөн ишемби күнү Ирак сыналгысы Саддамдын өкмөт адамдары менен болгон кездешүүсүн көрсөткөн. Ал бирок жолугушууда сүйлөгөн эмес.

XS
SM
MD
LG