Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Орусия менен Кытайда вирустук пневмонияны жугузуп алган жаңы адамдар катталды


Саламаттык сактоо мекемелери Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Владивосток шаарында Кытайдан кайтып келген соң ооруп калган деңизчини карантинге алышты. Кытайдын саламаттык сактоо мекемелери Шанхай шаарында вирустук пневмонияны жугузуп алган алгачкы киши каттоого алынганын билдиришти. Вирустук оору оболу Кытайдын Гуандоң провинциясында пайда болгон. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун эпидемиологдору Гуандоңдогу адистер менен консультация өткөрүп, оорунун келип чыгышын биргелешип иликтөө жөнүндө сүйлөшүп жатышат. Кечээ АКШнын түндүк-батышындагы Вашингтон штатында дарыгерлер Азиядан чыккан жугуштуу оору менен төрт киши жыгылганын маалымдашкан. Оорудан 81 киши каза болду, баары болуп ооруну 2000дей киши жугузуп алышканы кабарланат.

XS
SM
MD
LG