Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

ПРЕЗИДЕНТ САДДАМ ХУСЕЙН ТИРҮҮБҮ?


Нарын АЙЫП, Прага 20-март күнү америкалык жана британиялык аскерлер Иракка каршы согуш баштап, Саддам Хусейндин Багдаддагы бир нече президенттик сарайын бомбалаганда эле, кээ бир батыш маалымат каражаттары Саддам ошондо эле курман болгон болуш керек деп жоромолдогон, анткени андан бери президент чындап эле элге чыккан эмес. Бирок 4-апрел күнү Ирак сыналгысы Саддам Хусейн Багдад көчөлөрүндө карапайым калк менен жолугуп жүргөнүн көрсөттү. Ирак президенти тирүү экенин бул телекөрсөтүү далилдейби?

Согуш башталгандан кийин өткөн мезгилде Ирак сыналгысы Саддам Хусейндин өкмөт мүчөлөрү жана аскерий жетекчилер менен жолугуп, жыйын өткөргөнүн бир нече жолу көрсөткөн. Бирок батыш байкоочулары андай берүүлөр архивден алынып көрсөтүлүшү мүмкүн деп чыккан, анткени жолугушуулар учурунда согуштун эң акыркы окуялары тууралуу сөз болгон эмес. Экинчи жагынан, Саддам Хусейндин бир нече түспөлдөш түгөйү да бар деген маалымат көп, ошондуктан, андай жыйындар чындап эле акыркы мезгилде өткөрүлгөн болсо, аларды президент өзү эмес, анын түгөйү өткөрүшү мүмкүн жана дал ошол себептен жыйындарда орчундуу маселелер талкууланган эмес. Андан тышкары, президенттин Ирак элине жасаган бир нече кайрылуусу акыркы күндөрдө сыналгы аркылуу башка адамдар тарабынан окулган.

4-апрел күнү болсо, коалициялык аскерлер биз Багдад шаарынан 20 чакырым алыстыктагы аба майданын басып алдык деп жарыялагандан кийин, Ирак сыналгысы аркылуу президенттин дагы бир кайрылуусу берилди. Анда Саддам согушта Ирак жеңип чыгаарын дагы бир жолу кайталап айтты: "Силер баарыңар урматтаган Багдад эли, Ирак калкы, кудайдын колдоосу менен жеңишти камсыз кыласыңар, кудай кааласа, силер жеңишке жетесиңер, алар болсо утулат жана каргашага калат".

Талдоочулардын айтымында, Саддам өзүнүн сөзүндө 24-март күнү атып түшүрүлгөн америкалык "Апач" тик учмасы тууралуу да айтты, ошондуктан, эгер сүйлөгөн адам чындап эле Саддам Хусейн болсо, ал 20-марттагы эң биринчи бомбалоодо курман болгон эмес. Ирак жетекчилигинин айтымында, аталган тик учманы Ирактын жөнөкөй бир дыйканы жөнөкөй мылтык менен атып түшүргөн жана ошол эле 24-мартта дагы бир америкалык тик учма кыйраган. Бирок америкалык аскерий жетекчилик ал экинчи кыйроо тууралуу маалыматты тастыктай элек.

4-апрел күнү Ирак сыналгысы президент Саддам Хусейн Багдад көчөлөрүнө чыгып, карапайым калк менен жолукканын да көрсөттү. Анын айланасында чогулган эл АКШга каршы ураандарды кыйкырып, кээ бирөөлөрү президенттин жанына келип, аны кучактап, бетинен, колунан өөп жатты. Саддам болсо, бир кичине баланы колуна көтөрүп: "Кандайсың" - деп да сурады. Иракта иштеген журналисттер болсо окуя шаардын кайсы жеринде болгонун так билбегенин жана ал тууралуу алдын ала эч маалымат болбогонун айтат. Экинчи жагынан, Багдаддын бир нече электр станциясы бомбалоодон кыйрагандыктан, шаар тургундарынын көпчүлүгү сыналгы деле көрбөйт.

Анткен менен, 4-апрелдеги окуя - президент Саддамдын тирүү экенинин кандайдыр бир далили боло алат. Америкалык Ак үйдүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, адистер азыр ал сыналгы көрсөтүүсүн жана анын алдындагы Саддамдын элге жасаган кайрылуусун тыкан изилдеп жатат. Пентагондун басма сөз катчысы Виктория Кларктын айтымында болсо, маселе Саддамдын тирүү же өлүк экениниде эмес, маселе - Ирак режими жакында кулай турганында.

XS
SM
MD
LG