Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Бириккен Улуттар уюму Багдадын беш миллион тургунунун саламаттыгы коркунучта экендигин эскертүүдө


БУУнун Дүйнөлүк Саламаттык уюмунун маалымат катчысы Фадела Чаиб күндөн күнгө уланып жаткан бомбалоо, анын кесепетинен инфраструктуранын талкаланышы жана курмандыктардын кескин көбөйүшү шаардагы саламаттык абалынын олуттуу начарлашына алып келээрин билдирди.
Ал эми БУУнун Ирактагы гуманитардык иштерин координациялаган кеңсесинин өкүлү Давид Уимхурсттун сөзү боюнча, инфраструктуранын талкаланышы жарадарларды дарылоого жана жардам жеткирүүгө башкы тоскоолдук түзүп жатат.
Эл аралык Кызыл чырым уюму Багдаддын ооруканаларында жарадарларды дарылоо мүмкүнчүлүгү улам начарлап жаткандыгын эскертти. ЮНИСЕФтин өкүлү Вивина Белмонте Багдад тургундарынын жарымын түзгөн жаш балдардын абалына жана калк жыш жашаган оодандарда кластер бомбасынын колдонулушу тууралуу маалыматтарга тынчсыздануу билдирди.

XS
SM
MD
LG