Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Кыргыз мусулмандары Орусия муфтийинин АКШга каршы жихад жарыялоо чакырыгын колдобойт


БИШКЕК. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов билдирди. Анын пикири боюнча, Орусия мусулмандарынын муфтийи Талгат Тажуддиндин «Ирактагы мусулмандарга каршы согуш ачкан АКШга жихад жарыялоо керек» деген чакырыгынан майнап чыкпайт. «Митинг кылып, элди көтөрүп чыгуу биздин деле колдон келет. Бирок андан эч кандай майнап чыкпайт. Себеби Кыргызстан жаш, кичинекей, чакан мамлекет. Чоң-чоң мамлекеттер, көчөгө жүз миңдеген адамдар чыгып кайрылса да Буш, Америка мамлекети эч кандай кулак салган да жок, көңүл бурган жок», - деди бул туурасында М. Жуманов. Ошондуктан ал кыргыз мусулмандары согуш тезинен бүтүп, Иракта тынчтык орношун Кудайдан тилеп жатышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG