Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Кыргызстандын тышкы иштер министри Орусияга расмий иш сапары менен барат


БИШКЕК. Ушул жылдын орто ченинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Орусияга расмий иш сапары менен барат. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий чакырыгын Аскар Айтматовго кечээ бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин тапшырган. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, болочок сапар Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн айкын көрүнүшү болуп саналат. Иш сапарынын учурунда Аскар Айтматов Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG