Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Украинанын президенти Кыргызстанга келмек болду


БИШКЕК. 10-апрелде Кыргызстанга Украинанын президенти Леонид Кучма бир күндүк иш сапары менен келет. Мындай маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Ага караганда, Украина президенти өзүнүн иш сапарынын учурунда президент Аскар Акаев менен кезигишип, көзмө-көз сүйлөшөт. Алардын жолугушуусунда КМШнын эркин соода аймагын түзүү тууралуу сөз болот. Андан кийин Леонид Кучма премьер-министр Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда кыргыз-украин өкмөт аралык комиссиясынын быйыл 26-мартта Киевде болгон отурумунда козголгон маселелерди ишке ашыруунун жолдору талкууланат. Украинанын президенти Леонид Кучма Бишкекке Борбордук Азияны кыдыруу сапарынын алкагында Тажикстандан келип, Казакстандын борбору Астанага сапар алат.

XS
SM
MD
LG