Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

АКШнын вице-президенти Дик Чейни Ирактагы уруштар аяктай электигин эскертти


"Алдыда дагы татаал салгылаштар болушу мүмкүн. Саддамдын режими азыр Ирактын түндүгүндөгү Мосул, Киркук жана Тикритти көзөмөлдөн чыгара элек, ал жерлерде ирактык аскерлер салгылашууда, ошентсе да согуштун эң башкы бөлүгү артта калды", - деди АКШнын вице-президенти. Багдаддын полициясы ишке чыкпай калгандыктан, эл дүкөндөр менен коомдук мекемелерди талап-тоной башташты. Кабар агенттиктери Багдаддагы БУУнун кеңсеси, Саддамдын улуу баласы Удайга караштуу Улуттук Олимпия комитети таламайга түшкөнүн маалымдашты. Коалициялык күчтөрдүн согуштук учактары бүгүн Саддам Хусейндин кичи мекени – Тикрит калаасынын айланасын бомбалашты.

XS
SM
MD
LG