Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Багдад кулады, бирок согуш али бүтө элек


Пентагондогу пресс-конференцияда Кошмо Штаттардын коргоо министри Дональд Рамсфелд Багдадда боштондук процесси башталганын, буга карабастан алдыда дале кооптуу жана кыйын күндөр тургандыгын эскертти. Коалициялык контингенттин алдында турган милдеттерге токтолуп, баарыдан мурда “өлүм эскадрону” деп аталган бөлүктөр, массалык кыргын салуучу куралдар табыла электигин белгиледи. Министр бул милдеттер аткарылат, деп ишендирди. Саддам Хусейн, Рамсфелддин сөздөрү боюнча, бийликтен кулатылган диктаторлордун тизмесине кирди. Ирак оппозициясынын айрым өкүлдөрү Саддам жана анын эки уулу тирүү деп ырасташууда.

XS
SM
MD
LG