Британ коргоо министри Жефф Хун аталган маселеге арналган конференция түштүк Иракта өтүшү мүмкүн экендигин ырастады, бирок анын конкреттүү датасын атаган жок. Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер бул маселе коалициянын атайын жыйынында карала тургандыгын бышыктады. Бүгүн ООНдун коопсуздук кеңеши да Ирактагы кайра куруу маселелерин,бул процесстеги ООНдун ролун талкуулайт.