Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:22

Элдик конгресстин мүчөлөрү Феликс Кулов менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы Элдик конгресстин мүчөлөрү - «Атамекен» партиясынын башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев, «Эл» партиясынын башчысы Мелис Эшимканов жана «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев - «Арнамыс» партиясынын № 19-түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жетекчиси Феликс Кулов менен жолугуп кайтышты. Депутат Ө. Текебаевден ушул эле күнү алынган маалыматка караганда, аталган саясатчылар Феликс Кулов жаза мөөнөтүн өтөө жайына которулгандыгына байланыштуу анын ал-ахыбалын көрүп кайтуу максатында барышкан. Үч жылга жакын убактан бери Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу камак жайында отурган Ф. Кулов 8-апрелде Сокулук районундагы № 19-Жаңыжер түрмөсүнө которулган. Ал эми Элдик конгресс мындан эки жыл мурда түзүлүп, анын тутумунда азыр «Атамекен», «Эл», «Арнамыс» партияларынан тышкары Алмаз Атамбаев башкарган Социал-демократтар партиясы бар. 2000-жылкы президенттик шайлоо алдында «Арнамыс» жана «Атамекен» партиялары өз ара кызматташтык тууралуу келишим түзүшкөн. Текебаевдин айтымында, бул эки партия негизги тутунган принциптери жагынан бири-бирине жакын.

XS
SM
MD
LG