Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Талас облусунда билим берүүнүн абалы канааттандырарлык эмес


ТАЛАС. Билим берүү жана маданият министрлигинин бир нече күндүк инспекторлук текшерүүсүнүн жыйынтыктары боюнча, өрөөндүн мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринде окуу, тарбия иштеринин абалы начар. Айрыкча табигый билимдерге окутуу жагы канааттандырбайт. Айлык акы убагында берилбегендиктен мугалимдикти таштап кетип жаткандар көп. Билим берүүнүн сапаты Талас мамлекеттик университетинде да төмөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча облустук жана Манас, Карабура райондук элге билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, бир нече мектептердин директорлору иштен алынды. Университеттин ректорун да Бишкекке орун которуштурушту. Булар тууралуу малымат бүгүн облустук билим берүү башкармалыгынан алынды.

XS
SM
MD
LG