Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Бишкекке Орусиянын чалгындоо кызматынын башчысы келди


БИШКЕК. 13-апрелдин кечинде Кыргызстанга иш сапары менен Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Лебедев келди. Коопсуздук Кеңешинен алынган маалымат боюнча, С.Лебедев бүгүн президент Аскар Акаев, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов менен жолугушууларды өткөрдү. Бирок анда эмне маселе талкууланганы белгисиз. Орусиянын Тышкы чалгындоо кызмат жетекчисинин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилиги менен да жолугушуулары белгиленген. Анын иш сапары бүрсүгүнү аяктайт деген маалымат бар. Бийлик органдары Лебедевдин келишин ырастоо менен чектелип, башка маалымат берүүдөн баш тартышууда.

XS
SM
MD
LG