Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

А.ЭРКЕБАЕВ: «ЭЛ КАНДАЙ БОЛСО ПАРЛАМЕНТ ДЕЛЕ ОШОНДОЙ»


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев палатанын 3 жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Абдыганы Эркебаев 3 жыл ичинде палата 500дөн ашуун мыйзам долбоорун талкуудан өткөрүп, көпчүлүгүн кабыл алганын, айрым бир кемчиликтерине, ички карама-каршылыктарына карабастан депутаттар жемиштүү иштешкенин белгиледи. Аны коңшулаш Казакстандын Мажилисинин 3 жыл ичинде кабыл алган мыйзамдарынын саны менен салыштырды. Конституциянын жаңы редакциясынын негизинде кайрадан кабылданып жаткан “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин палатадагы 25 комитеттин саны кыскарып, комиссиялардын болуш-болбош маселеси чечилээрин дайынга чыгарды. Ушу тапта палатанын кароосуна коюлчу 350 мыйзам долбоору турганын, укуктук өлкө Конституция жана мыйзамдар менен гана жашай тургандыгын маалым кылды.

Соңку кездери Кыргызстанда түзүлүп жаткан ар кыл кеңештердин жөн-жайына токтолуп, спикер мындай деди:

- Чынымды айтсам, мен кагаздын көп болгонун туура көрбөйм. Колдон келсе бар нерсени аткарганга көнсөк жакшы болор эле. Конституция, мыйзамдар турат, булардын баары милдеттүү күчкө ээ. Ал эми ар кандай кеңештер, аты эле айтып тургандай, кеңеш берүүчү эле орган. Алардын коомдук пикир түзүүчү ролун айтпай эле коеюн. Таасирдүүлүгү жагынан алар Конституцияны, мыйзамдарды, жарлыктарды, токтомдорду алмаштыра албайт. Комиссия, кеңештердин көптүгү иштин түпкү натыйжасына таасир көрсөтө алаарына мен ишенбейм.

Конституциянын жаңы редакциясында бир палаталуу парламенттин депутаты пленардык жыйындарга себепсиз катышпай койгондугу үчүн кесиптештеринин чечими менен мандатынан ажырай тургандыгы белгиленген. Абдыганы Эркебаев мындай принцип палатанын ишине олуттуу таасир тийгизээрин айтып, “депутатты мандатынан ажыратуу жөрөлгөсү татаалдыгынан улам аны ишке ашыруу мүмкүн эмес” деди.

Жаңыланган Башмыйзам калк тарабынан колдоо тапкандан бери парламенттин таркатылышы мүмкүн экендиги айтылып келатат. Абдыганы Эркебаев “эгер андай миш-миш чынга чыкса андан Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы түшөт”, деп билдирди.

Спикер палатадагы айрым комитеттер активдүү иштебей жатышканын айтып, Конституциянын жаңы редакциясында белгиленген 7 комитеттин болушу туура экендигине токтолду. Анын оюнча, иш жүзүндө палатадагы ошончо сандагы комитеттер гана активдүү иштешет, калганы тек комитет санын көбөйткөнү болбосо, азырынча алардан майнап чыга элек. Абдыганы Эркебаев “азыркы иштеп аткан палата - элибиз кандай болсо ошондой” деген сыпаттаманы алдыга жайды.

- Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамы элибиз кандай болсо, ошондой, - дейт Абдыганы Эркебаев. - Мына 3 жыл болду, ушуга чейин бир чыгып сүйлөбөгөн, ой айтпаган, көрүнө элек депутаттар деле бар. Элибиз тандаган экен, мен алардын тандоосуна сын тага албайм. Оппозициялык маанайдагы депутаттар тобу бар. Курч талкуулар өтөт, курч кырдаал түзүлгөн учурлар да аз эмес. Келбей койгондору болот, кутумчулук уюштургандары жолугат. Анткен менен, мамлекеттик деңгээлдеги, жалпы элдик көз караштагы бир да мыйзам долбоору же токтом четке кагылган жок. Ар кыл саясий көз караштагы, курактагы, саясий кызыкчылыктагы көздөгөн депутаттардан куралган палата жаман иштеген жок. Башында 27, кийинки 25 комитет, 4 комиссия кандай иштеп атканын так көрсөткөн маалымдаманы жыл сайын депутаттарга таратып берем. “Карагыла, ким кандай иштеп атканын көргүлө!» дейм. Айрым комитеттер жакшы иштеп атышат. Андайлардын саны 6-7ден ашпайт. 3 жыл ичинде бир да мыйзам долбоорун карабаган, маселе козгобогон комитеттер бар. Андай комитеттердин кандай кереги бар?

XS
SM
MD
LG