Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

КЫРГЫЗ ДИПЛОМАТИЯСЫНЫН КЫЙЫТМАЛАРЫ, ЧЕЧИЛЕ БАШТАГАН ЧЕК АРА МАСЕЛЕЛЕРИ, ӨЛКӨНҮН АКНИЕТ БАШКАРУУЧУЛАРЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Украин президента Леонид Кучманын, ЕврАзЭСтин баш катчысы Григорий Рапотанын Кыргызстанга келиши, чек ара маселесиндеги жылыштар, Ирак согушуна карата айтылган ар кыл пикирлер, кыймылсыз мүлк салыгынын кабыл алынышы, көрүнүктүү оппозициячыл саясатчы Феликс Куловдун түрмөгө которулушу өткөн аптадагы негизги окуялардан болуп калды.

Өткөн аптада Кыргызстанда эл аралык байланыштар жаатында бир катар окуялар болду. Алардын ичинен орчундууларын эске салсак, Украинанын президенти Леонид Кучма Борбордук Азия өлкөлөрүн кыдыруу программасынын алкагында Кыргызстанга келип кетти. Бишкекте аны менен президент Аскар Акаев жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Леонид Кучманын иш сапары канчалык маанилүү экендигин аныкташ үчүн Украин өкмөтү Кыргызстанга 28 миллион доллар карызын төлөөгө макулдук бергенин эске салса жетиштүү болот.

Мындан тышкары, Бишкекке иш сапары менен Евразия Экономикалык Шериктештигинин баш катчысы Григорий Рапота келип, аны президент Аскар Акаев кабыл алды. Жолугушууда Евразия Экономикалык Шериктештик кеңешинин 27-апрелде Дүйшөмбү шаарында боло турган кезектеги отурумунда каралуучу маселелер талкууланды. Кыргызстандын эл аралык байланыштары жаатындагы окуяларга ошондой эле Түндүк-Атлантикалык Альянстын, Орусиянын Омск облусунун делегацияларынын келишин, премьер-министр Николай Танаев менен Япониянын өкүлү Сюсукэ Ватанабенин жолугушуусун, кыргыз-иран кызматташтыгы тууралуу Бишкекте өткөн тегерек стол жыйынын атай кетсе болот.

Соңку күндөрү келип түшкөн маалыматтарга караганда, Кыргызстандын чек ара маселелери жер-жерлерде акырындап чечилип келаткан өңдүү. Атап айтканда, 1946-жылы Кыргызстандан Тажикстанга узак жылдык ижарага берилген, Ош облусундагы Сарымогол аймагын кайра өткөрүп алуу иштери башталды. Апрель айында аны Алай районунун курамына өткөрүү иштери аткарылып бүтүш керек. Ал эми Жалалабадда Өзбекстан менен чектеш аймактардагы кыргыз чек ара бекеттеринин орду аныкталып, 7 застава менен 16 чек ара бекетин жайгаштыруу маселеси чечилди. Чек ара комендатурасы Ташкөмүр шаарындагы техникалык лицейдин имаратына жайгашты. Ал жерге атайын даярдыктан өткөн 554 офицерлер жана жоокерлер келишти.

Учурда азыр аяктап калган Ирак согушуна карата Кыргызстанда бийлик жана коомдук уюмдар тарабынан ар кандай көз караштар айтылууда. Алсак, тышкы иштер министри Аскар Айтматов өткөн жумада маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстан Иракты калыбына келтирүүдө гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Иракка инженерлерди, куруучуларды, дарыгерлерди, өзгөчө кырдаалда иштөөчү адистерди, азык-түлүк жана башка керектүү товарларды жөнөтө алат. Ал ошондой эле Ирактын аймактык бүтүндүгүнүн сакталышын жактап, эгер өлкө кыйраса регионго зор кесепетин тийгизээрин баса белгиледи. Антсе да Аскар Айтматов Кыргызстан Ооганстан боюнча антитеррористтик коалициянын жана АКШнын ишенимдүү өнөктөшү экендигин, башка бардык тармактар боюнча АКШнын стратегиялык өнөктөшү болоорун өз сөзүнө кыстара кетти.

Ал эми кыргыз мусулмандары Орусия муфтийинин АКШга каршы жихад жарыялоо чакырыгын колдобой тургандынын кыргыз мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов билдирди. Анын пикири боюнча, Орусия мусулмандарынын муфтийи Талгат Тажуддиндин «Ирактагы мусулмандарга каршы согуш ачкан АКШга жихад жарыялоо керек» деген чакырыгынан майнап чыкпайт. Ошого карабай, өлкөнүн ар кайсы жерлеринде ислам бийлигине чакырган, АКШга каршы үндөгөн жазуулар пайда болууда. Базаркоргон районунун акимчилилигинин имаратына, Жалалабаддын көчөлөрүндөгү дубалдар менен бетон мамыларга, Каракол шаарындагы борбордук аянтка, кимдир-бирөөлөр мусулмандарды биригүүгө, каапырларга жана АКШга каршы турууга үндөгөн баракчаларды жазып кетишкен.

Ал арада Эл өкүлдөр жыйынында «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору кабыл алынып, анын негизинде кыймылсыз мүлккө салык киргизүү колдоо тапты. Эми ага президент кол койсо, жарандарга жана юридикалык тараптарга таандык, 500 миң сомдон жогору бааланган кыймылсыз мүлктөн салык алынат. Буга карата ар кандай пикирлер айтылууда. Профсоюздар федерациясы мындай чечимге нааразылык билдирсе, Улуттук Банктын башчысы Улан Сарбанов кийинки кезде кирген салыктар инфляцияны оорлотпойт деп эсептейт. Айтор, кийинки учурдагы салык саясатынын кандай натыйжа алып келээрин мезгил көрсөтөт.

Президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык Кыргызстанда Акниет башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүлдү. Ал мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы стратегиясын иштеп чыгат. Улуттук кеңештин төрагалыгына премьер-министр Николай Танаев, анын орун басарлыгына вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков дайындалышты. Кеңештин курамына Коопсуздук Кеңешинин бир катар мүчөлөрү киришти. Ал эми былтыр Аксы окуясын тергөөнү создуктурганына байланыштуу былтыр кызматынан бошотулган мурдагы башкы прокурор Чубак Абышкаев президенттин жарлыгы менен Чүй облустук сотунун төрагалыгына дайындалды.

Өткөн аптада «Арнамыс» партиясынын камакта жаткан төрагасы Феликс Кулов Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагынан №19-жаза өтөө түрмөсүнө которулду. Ушул себептүү аны менен Кыргызстандагы Элдик конгресстин мүчөлөрү - «Атамекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев, «Эл» партиясынын башчысы Мелис Эшимканов жана «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев жолугуп кайтышты. Азырынча көрүнүктүү оппозициячыл саясатчынын кийинки тагдыры бүдөмүк бойдон турат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG