Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

«Трибуна» гезити кайра жарык көрдү


БИШКЕК. Көз карандысыз «Трибуна» гезити тогуз айлык тыныгуудан кийин бүгүн кайрадан жарык көрдү. Ага «Кыргызстан-Сорос» фонду, Адам укугун жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча «Журналисттер кырсыкта» бюросу колдоо көрсөттү. «Трибуна» жаңы санында мурдагыдай эле саясий, экономикалык, социалдык өңүттөгү, жергиликтүү жана эл аралык темадагы материалдарды жарыялады. Гезиттин акыркы саны былтыр 13-июлда жарык көрүп, андан кийин каражаттын тартыштыгына байланыштуу чыкпай калган. Гезит редактору Ырысбек Өмүрзаковдун маалыматына караганда, редакциянын каражаты толугу менен сот жараяндарына кетти. Редакция бул аралыкта гезитте жарыяланган макалаларга байланыштуу төрт ирет соттошуп, анын үчөөнү утуп алган. Ага чейин 26-майдын түнүндө гезиттин мүлкүн белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Башкы редактордун айтымында, уурдалган буюмдардын арасында жогорку бийликтеги коррупцияга байланыштуу эки журналисттик иликтөө да кошо жоголгон. Бирок, бул факт боюнча козголгон кылмыш иши жыйынтык бере элек.

XS
SM
MD
LG