Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Саддамдын дагы бир уялашы колго түштү


АКШлык күчтөр Иракта жайгашкан ирандык оппозициячыл топтор менен ок атышууну токтотууга аракет жасоодо.
Катардагы командалык борбордо кабарчылар менен өткөн кездешүүдө, АКШлык генерал Винсент Брукс америкалык аскерлер ирандыктардын “Мужахидин и-Калк” тобуна чабуул койгонун, бирок ок атышуу келерки күндөркү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында токтотулат деген ишеничте экенин билдирди.
В.Брукс Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарындагы кырдаалга токтолуп, кечээ күнү банкты уурдамак болгон адамдар менен полиция жана коалициялык аскерлер ортосунда аткылашуу болду, атышууда бир нече шектүү адам өлтүрүлүп, дагы башкалары жарадар болду деди.

- Мосулдагы кырдаалды стабилдүү деп баалоого болбойт. Мыйзам бузуулар, бейбаштык жана атайылап тескери үгүттөөлөр ушундай жагдайга өбөлгө болууда.

Брукс ошондой эле Саддам Хусейндин бир тууганы Барзан Ибрагим ат-Тикрити бүгүн Багдадда ирактыктардын жардамы менен камакка алынганын кабарлады.
Генералдын айтымында, Барзан Саддамдын кеңешчиси болгон жана 1979-83-жылдары Ирактын чалгындоо кызматын жетектеген.
АКШлык генерал Томми Франкстын маалымдашынча Багдадда талап-тоноолор тыйылып барат жана Ирактагы АКШлык аскерлер азыр граждандык обьектилерди калбына келтирүүгө жардам көрсөтүү ишине жана гуманитардык операцияларга көңүл бөлүүдө.

XS
SM
MD
LG