Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

БЭЭЖИНДЕ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК КУРАЛДАР ДОЛБООРУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮ БАШТАЛАТ


Бакыт Аманбаев, Прага шаары Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарды чыгаруу долбоорун токтотуу боюнча ири мамлекет өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү Кытайдын ортомчулугу астында шаршемби күнү Бээжинде башталууда.

Соңку алты ай бою дүйнөнү кооптонткон Түндүк Кореянын тегерегиндеги кырдаалды жөнгө салууга эми Кытай белселенип кирише баштады. Адегенде, Бээжинде эртең баштала турган сүйлөшүүгө АКШ, Түндүк Корея жана Кытай өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Келечекте мындай иш-чарага Жапония жана Орусиянын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Адистердин айтымында, мындай иш чаранын башкы максаты Пхеньяндын өзөктүк куралдарды чыгаруу аракетин токтотуп, бул боюнча тараптарды милдеттендирген кандайдыр бир макулдашууга жетишүү. Буга мындан он күн илгери Түндүк Кореянын расмий бийлигинин “талаштуу маселе АКШ ан башка өлкөлөрдүн катышуусунда жүргүзүлүшү жөндүү” деген кыяздагы билдирүүсү өбөлгө болду. Жапон өкмөтүнүн маалымат катчысы Йасуо Фукида да мындай иш-чараны колдоп, “сүйлөшүү бул ийгиликтин алгачкы кадамы” деген пикирин билдирди:

- АКШ, Корея, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн катышуусунда башталган көп тараптуу олуттуу сүйлөшүү-маселени жөнгө салуудагы алгачкы кадам. Жапония өкмөтү мындай иш чараны Түндүк Кореяга байланыштуу маселенин жөнгө салынышындагы алгачкы кадам катары колдойт

Ал эми АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Фил Рикердин пикиринче “мындай сүйлөшүүгө жакын аранын ичинде Москва, Токио жана Сеул катышышы керек:

-Кимдин катышуусунда болсо да кандайдыр бир деңгээлдеги сүйлөшүүнү баштоо-баарына айдан ачык түшүнүктүү. Бул акыры барып, аймактагы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн пикирин эске алуу менен чечилиши жөндүү

Ошол эле мезгилде аталган маселеге карата Түндүк Корея жана АКШ баш болгон өлкөлөрдүн пикирлери ар башка. Маселен, расмий Пхеньян, Түндүк Корея өзөктүк куралдарды чыгарууга ниети бар экендигин айтып, “алардын өзөктүк куралдарды чыгаруу программасы келечекте согуштук максатта колдонулат” деген пикирди ар дайым четке кагып келет. Ал эми Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өткөн жуманын соңундагы билдирүүсундө, мындан бир нече жыл илгери өзөктүк куралдарды чыгарууда колдонулуучу заттар Пхеньянда иштетилгендиги, Түндүк Корея жакын арада мындай аракетти баштоого ниети гана бар экендиги айтылып, азырынча бул максатта кандайдыр бир аракет баштала электигин маалымдады. Пхеньяндын эмне себептен улам мындай аракеттерге барып жаткандыгы коомчулукка ачык түшүндүрүлгөн жок.

Пхеньяндын мындай расмий билдирүүсүнө АКШ ишенбейт. Вашингтондун оюнча, Түндүк Кореяда өзөктүк куралдарды чыгарууга пайдаланылуучу химиялык заттар жетиштүү сакталган. АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын айтымында, Пхеньян буга чейин бир же эки бомба чыгарууга үлгүрдү.

Ошентип, дүйнөдөгү дөө-шаа мамлекеттердин Пхеньян менен сүйлөшүү аракеттери башталды. Андан кандай жыйынтык чыгаарын азырынча эч бир адис божомолдоп айта албас.

XS
SM
MD
LG