Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:58

Ооганстандын башчысы Хамид Карзай кошуна Пакистанга келди


Ооганстандын убактылуу жетекчиси Хамид Карзай 22-апрелде иш сапар менен кошуна Пакистанга келди. Исламабад шаарында ал Пакистандын президенти Первез Мушарраф жана башка жетекчилер менен жолугуп, акыркы күндөрдө эки өлкөнүн чек арасында орун алган окуяларды талкуулады. Ооган жетекчилигинин айтымында, Пакистан аскерлери жакында Ооганстандын кээ бир чек ара аймактарын басып алды жана Пакистанда жашынган Талибандын калдыктары өзүнүн Ооганстанга багышталган чабуулдарын акыркы мезгилде көбөйттү. Пакистан жетекчилиги - террорчулукка каршы аракеттерди күчөтүүгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG