БИШКЕК. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин мурдагы мүчөлөрү Качкын Булатовдун, Рыскелди Момбековдун жана Болотбек Тыналиевдин коюп жаткан дооматтары негизсиз жана бул аракеттер бийлик менен макулдашылып жасалып жаткан жалаа. Бүгүн «Азаттык» радиосуна комитеттин төрагасы Рамазан Дырылдаев ушундай пикирин билдирди. Аттары аталган кызматкерлер ушул аптада уюмдун төрагасын комитеттин каражатын максатсыз пайдалангандыгы үчүн айыпташкан жана мындай дооматтын саясий өңүтү жок экенин белгилешкен. Рамазан Дырылдаевдин билдиргенине караганда, уюмдун мурдагы кызматкерлеринин апрель айында бирдей билдирүү менен чыгып жаткандыгы мунун уюшулган иш экенин далилдеп турат. «Мындан тышкары, булардын негизги дооматын жокко чыгара турган юридикалык негиздеме бар. Ошондуктан, бул маселени сот аркылуу чечүүгө аракет кылуудабыз», - деп билдирди Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев.