Эң байыркысы XV кылымга таандык сейрек басылмалардын наркы он миңдеген долларга бааланууда. Тергөөчүлөр китепкананын карточкасын пайдаланып кирген каракчылар көксөгөн чыгармалар колуна тийгенден кийин жасалма чач кийип, өңү-башын өзгөртүп имараттан чыгып кетишкен деп жоромолдошууда. Жоголгон 12 сейрек китептин арасында – 1486-жылы Германиянын Пассау шаарында басылган "Гербариус" аттуу илимий сүрөттөр менен коштолгон ботаника боюнча баалуу эмгек, о.э. атактуу орус жазуучусу Николай Гоголдун XIX кылымда жарык көргөн чыгармалары бар.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага