Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Улуубритания дипломатынын иш сапары


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга Улуубританиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш департаментинин башчысы Саймон Батт эки күндүк иш сапары менен келет. Ал Бишкекте вице-премьер- министр Жоомарт Оторбаев, акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талантбек Кушчубеков менен жолугушат. Анда эки тараптуу мамиле, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кыргыз-англис кызматташууларын өнүктүрүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу ишемби күнү Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG