Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Табигый кырсыктар кооптонтууда


БИШКЕК. Кийинки күндөрү тынбай жааган жаандын кесепетинен Кыргызстандын аймагында суу ташкындарына, селге жана жер көчкүгө байланыштуу коркунуч сакталып калууда. Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин маалыматына караганда, жаан-чачындан Өзгөн, Алай, Сузак, Алабука, Аксуу райондору жабыр тартты. Бишкек-Торугарт жолу жабык бойдон турат. Премьер-министр Николай Танаевдин 26-апрелде билдиришинче, республикада акыркы күнү 160 үй бүлө коопсуз жайларга көчүрүлдү. Дүйшөмбүдө дагы 200 үй-бүлөнү көчүрүү болжолдонууда. Премьер-министр үй- бүлөлөрдү көчүрүү, жаратылыш кырсыгына кабылган жерлерди калыбына келтирүү көп каражатты жана аракетти талап кылаарын билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан алынган маалыматка караганда, уюм колдоого муктаж жарандарга жардамдашуу үчүн дүйшөмбүдө медициналык дары-дармек жөнөтмөкчү. Дары-дармектер Ош шаарында сакталат, алар эки айга чейин 10 миңге жакын адамды тейлөөгө мүмкүнчүлк түзөт.

XS
SM
MD
LG