Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Кошмо Штаттары Иракта радикалдуу диний режим түзгөнгө жол койбойт


Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд Вашингтондогу пресс-конференцияда бул тууралуу кайрадан эскертти. Мында эч кандай кеп жок,деп айтты ал. Бирок Иран өз кишилерин Иракка жөнөтүп, алар аркылуу мусулман-шийиттерге таасир көрсөткөнгө аракет кылууда. Ирак калкы, Рамсфелддин ишениминде, Тегеран таңуулаган моделди жана саясатты кабыл албайт. Эмдиги аптада Вашингтон Ирактан бардык санкцияларды алып салууну караган резолюциянын долбоорун ООНдун коопсуздук кеңешине киргизгени жатат.

XS
SM
MD
LG