Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

ӨНӨГӨСҮЗ ӨПКӨ ООРУСУНА БӨГӨТ КОЮЛАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Өнөгөсүз өпкө оорусуна дүйнө жүзү боюнча 4 жарым миңден ашык киши дуушар болуп, анын айынан 300дөн ашык киши каза тапты. Дүйнө өлкөлөрүнүн бир тобунда тездик менен жайылып бараткан бул коркунучтуу илдетке Чыгыш Европа өлкөлөрүндө азырынча бир да киши чалдыга элек. Ички Азияда (Монголияда) бүгүн бир учур катталганы маалымдалды.

Дүйнөлүк Саламаттык Cактоо уюмунун маалымдашынча, алгач Кытайда пайда болгон өнөгөсүз өпкө оорусу Канада, Cингапур, Гоңкоң жана Вьетнамда тездик менен тароодо. Дарыгерлер, азырынча, оорунун жайылышы кайсы убакта туу чокусуна жетип, кайта турганын айта алышпайт. 29-апрелде оорунун алгачкы учурлары Монголия, Түштүк Корея жана Жаңы Зеландияда катталганы маалымдалды. Кытайда коркунучтуу оору дагы 9 кишиде катталганы кабарланууда. Гоңкоңдо оорудан дагы 12 киши көз жумду, бул илдет дагы 15 кишиден байкалды.

30- апрелде Тайланддын баш калаасы Бангкокто Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн башчылары жолугуп, оорунун тарашына бөгөт койуу чараларын иштеп чыгуу үчүн жолугушат. Оорудан барынан көп жабыр тартып жаткан Кытай бул илдетти изилдөө жана ага каршы дары-дермекти тез арада иштеп чыгуу максаты менен атайын кор негиздөөнү сунуш кылып, ага бир миллион 200 миң доллар өлчөмүндө салым кошо турганын билдирди.

Чыгыш Европа менен Борбор Азия чөлкөмүндө өпкөнүн вирустук пневмониясынын бир да учуру каттала элек. Мындан мурда Румыния, Болгария жана Литвада бул ооруга бирден киши дуушар болгондугу маадымдалган эле. Бирок токтоосуз иликтенип чыккан пациенттерде оору ырасталган эмес. Ушундай эле куру дүрбөлөң Орусия, Чехия, Украина, Хорватия, Азербайжан жана Казакстанда дагы болгон, бирок медициналык иликтөөдө шектүү пациенттерде илдеттин вирустары табылган жок. Пациенттер кадырэсе сасык тумоо менен пневмонияга чалдыккан болуп чыкты.

Ошол эле маалда саламаттык сактоо системалары алда канча жогорку деңгээлде турган Канада, АКШ, Германия жана башка өлкөлөрдө оорунун сандаган учурлары катталды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз өкүлү Мария Чең айым мындай көрүнүштү демейде боло жүрүүчү кокустук менен түшүндүрөт:

- Кытайдын Гуандуң провинциясында чыккан вирустук пневмонияны жугузуп алган адам Гоңконгго келип, мейманканада турган. Ал турган конок үйдө Сингапурдан, Канададан жана Вьетнамдан келген кишилер да турчу экен. Эгерде ошол учурда мейманканада Румыниядан же Чехиядан бирөө жарым болгондо, оору ошол өлкөлөргө да тарамак.

Илдет ал учурда медиктерге да, карапайым кишилердин өздөрүнө да бейтааныш болгондуктан, оору тездик менен тарап кеткенин айтуу абзел. Медиктер илдет жөнүндө мурдатан кабардар болгондо азыркыдай катаал карантиндик чаралар көрүлүп, оору саналуу жумалардын ичинде мынчалык тездик менен дүйнөгө тарап кетмек эмес, деп кошумчалайт Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун өкүлү Чең.

Оору кеңири жайылып бараткан өлкөлөр менен танапташ жайгашкан мамлекеттер азыр колдон келишинче илдетке бөгөт коюуга аракеттенип жатышат. Кыргызстан Торугарттагы чек ара өткөөлүндө жана "Манас" эл аралык абамайданында Кытайдан жана Канададан келаткан жүргүнчүлөрдү медициналык кароодон өткөрүүдө. Тажикстан өзүнүн чек ара бекеттеринде Кытайдан келаткан жүргүнчүлөрдү рентгендик иликтөөдөн өткөрүүнү пландаштырып жатат. Орусиянын эпидемиология кызматы болсо Кытайга каттагандардын баарын ооруну жугузуп алуу коркунучу жөнүндө эскертип, анчейин зарыл эмес болгон сапарлардан баш тартууга кеңеш берүүдө. Орусиянын Саламаттык Сактоо Министрлиги өлкөнүн Кытай менен чектеш региондоруна Түштүк Чыгыш Азиялык мигранттарды медициналык катаал көзөмөлгө алууга көрсөтмө берди. Министрлик “коркунучтуу илдетке туш болду” деп шектелген адамдардын аты-жөнүн жана ал жөнүндөгү башка маалыматтарды жашыруун сактоого убада берди.

Арийне, бул чаралар Кытай менен тыгыз алакалары бар өлкөлөргө экономикалык залакасын тийгизбей койбойт. Бирок Кытайга коңшу өлкөлөр муну менен андан алда канча алааматтуу жоготууга - адамдардын набыт болушуна каршы бөгөт коюп жатканы да айдан ачык.

XS
SM
MD
LG