Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Укук коргоочулар Азербайжандын өкмөтүн айыпташты


Азербайжандагы эки укук коргоочу уюм өкмөткө алардын кеңселерине кол салууну шыкактаганы үчүн кине коюшту.
Жекшемби күнү 50 чакты демонстрант аталган кеңселерди жумуртка менен таш бараңга алышкан эле. Тынчтык жана Демократия институтунун жетекчиси Лейла Юнус бул акцияны өкмөт уюштурду деп ырастады. Эл аралык Хелсинки Федерациясы ушул эле мазмундагы билдирүү таркатты.

XS
SM
MD
LG