БИШКЕК. 20-22-майда Токио шаарында кыргыз-жапон биргелешкен экономикалык кызматташтык комиссиясынын VII жыйыны өтөт. Кыргыз делегациясын анда өкмөт башчысы Николай Танаев жетектейт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, кыргыз тарап жыйында жапондук гранттык жардамдардын көлөмүн көбөйтүү, Бишкекте өнөр жай паркын куруу жана япон жарандарына Баткен облусуна барууга тыйуу салган чечимди алып салуу сыңары маселелердин каралышын көздөп жатат.