Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

Тажикстанда жер миналарына тыюу салуу боюнча конвенция ратификацияланды


Ошону менен бирге парламент өлкөнүн аймагын миналардан тазалоодо эл аралык донорлордон жардам берүүнү суранды. Коргоо министринин маалыматтары боюнча, 2500 чарчы чакырым аянтта жана 600 чакырымга жуук жол бойлорунда ичи ара согуш маалынан калган миналар бар. Алардын дүрмөтүн алып, тазалап чыгуу үчүн бери дегенде 13 миллион доллар каражат зарыл. Мунсуз бул иш жарым кылымга жакын аралыкта барып араң чечилиши ыктымал. Мындан алты жыл илгери Оттавада кабыл алынган эл аралык конвенцияны дүйнөдө 130 өлкө ратификациялады.

XS
SM
MD
LG