Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кыргызстандын тышкы иштер министри эртең Түркияга жол тартат


БИШКЕК. Эртең Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов расмий иш сапары менен Түркияга жөнөп кетет. Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, А.Айтматов Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер, өлкө парламентинин төрагасы Бүлент Арынч, премьер-министри Режеп Таип Эрдоган жана тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен жолугушат. Тараптар бир катар эл аралык жана регионалдык маселелер, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий, экономикалык, маданий мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору туурасында пикир алышат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Стамбул шаарында да болуп, Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңешинин жетекчилиги жана Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушат. Анда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары жана Кыргызстандын экономикасына Түркиянын инвесторлорун тартуу маселелери талкууланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG